23.08.2019 15:33

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду суракка чакырышты

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду суракка чакырышты

«Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложниковду Аскер прокуратурасына саат 18:00гө күбө катары суракка чакырышты. Кайсы иш боюнча сурашаары азырынча белгисиз. 

Буга чейин 13-августта Дмитрий Ложников  УКМКга «маектешип кетүүгө» чакырылган. Канал жетекчисинен 7-8-августта Кой-Ташта жүргөн атайын операция боюнча кргөн-билгенин айтып берүүнү суранышкан. Жыйынтыгында, сурак 6 сааттан ашык убакытка созулган. 

Эскерте кетсек, кечээ, 22-августта ИИМ Башкы тергөө башкармалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча күбө катары чакырылган болчу. Сурак учурунда тергөө КСДП өкүлүн күбөдөн шектүүгө айлантып койгон. Кечээ эле, Биринчи Май райондук соту Карамушкинанын баш коргоо чарасын карап, 8-октябрга чейин үй камагына алган чечим чыгарган. 

7-августта Кой-Ташта экс-президентти күч менен кармоо операциясы башталган. «Апрель» телеканалы ал жакта болуп жаткан окуяны түз эфирде көрсөткөн. Операция башталгандан 1,5 сааттай убакыт өткөндө,  каналды эфирден өчүрүп коюшкан. 9-август күнү тергөөчү спецназ жоокерлери менен келип, «Форум» имараты экс-президенттин мүлкү катары камакка алынды деген шылтоо менен «Апрель» телеканалынын кызматкерлерин кеңсесинен чыгарып салган. Бирок кийин ал имаратта жайгашкан башка радио, телеканалдар кадимки режимде иштеп жатканы белгилүү болгон. 

 «Апрель» телеканалы социалдык тармактарда түз эфирге чыгууларын улантып, экс-президенттин жана анын тарапташтарынын сот отурумдары кандай өтүп жатканын элге жеткирүүгө аракет кылып келет.